Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Жумгал; Миллион сом киреше тапкан фермер Алмазбек Кучуевдин уяң жүндүү койлору

Жумгал; Миллион сом киреше тапкан фермер Алмазбек Кучуевдин уяң жүндүү койлору

15:25, 28 апр 2021 Общество 313 0 1 0
IMG

Алмазбек Кучуев Баш-Кууганды айылында фермер. Чоң атасы Кучкач Атабаев жылкычы болсо, ал эми өз атасы Тынымбек Кучуев да мал багып мал чарбасын түптөөгө зор салым кошкон адам.
Алмазбек учурда айылдын "Жол Кара Таш" тоосунда мал багып, атасынан калган мал чарбасын жетектеп, эт, жүн багытындагы уяң жүндүү койлорду багып келет.
-“Алмаз Дыйкан” чарбасын союз тарагандан кийин эле уюштурганбыз. Бирок ортодон 10-15 жыл дымыгып, кайрадан 2014-жылы Чоң-Кемин районунан Бегалы деген фермерден кочкор алып кайрадан түптөгөнбүз. Экинчи ирет Чаткал районунан, андан сон асыл тукум заводунан 2-3 жолу, Иса Өмүркуловдон алганбыз. Чарбабызда тубар мал 250 баш болсо, субайы 400-450 баш даана. Жалпысынан алганда майда мал, бодо жылкылар болуп 1000ге чукул. Менчик 3 га, ижарада 9 га жерибиз бар. Малга тоютту жер иштетип алабыз",- деди А.Кучуев.
Андан тышкары айыл чарбасына керектүү техникалар бар. Алар: чөп чапкыч, сеялка, чөп боологуч, тырмоо, трактор ж.б техникалар. Алардын болжолдуу баасы 7-8 миң АКШ долларына жетет.
"Койдун башын 10-12 миң сомдон сатабыз. Негизи бизге эт комбинаты керектелет экен. Базарга алып чыкканда ар кандай баада, кээде мал арзан болуп калат. Чыгымы көп эле болот. Жылына 1 млн. сомдун тегерегинде чыгым сарпталат. Малдын жүнү менен чогуу бир жылда болжолдуу 2 млн. сомго чукул киреше табабыз. Жумгалда жүн өндүрүү жагынан алдыдабыз го. Уяң жүндүү малдын этинин майы азыраак болгондуктан, жүн жагын карашат, ургаачыларын тукумга алып калып, эркектерин эт катары алып кетишет. Мамлекеттен жардам жок. Бизге тоют камдоодо кыйналабыз, болгону жерлерге суу барчу каналдарды, суу сактагычтарды тазалап иреттеп, жайыт жерлерибизди тактап беришсе, жайытка барчу жолдорду жасап беришсе жакшы болмок. Сарайларды да ондоп түзөп алат элек. Учурда жайыттар тар, кыштоолор берилбейт. Ээн жаткан кыштоолорду сурасан беришпейт. Алыскы жайыттарга ат менен жана жөө көчөбүз. Жер жана жайыт адистеринин кеңештерине зарбыз,- деп кошумчалайт ал.
М.Асаналиев

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий