Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Наука и учеба Ат-Башы: Бириккен улуттар уюмунун жардамы

Ат-Башы: Бириккен улуттар уюмунун жардамы

11:56, 03 май 2021 Наука и учеба 116 0 3 0
IMG

      Райондогу Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебине Бириккен улуттар уюмунун айыл чарба жана азык-түлүк долбоорунун негизинде аталган уюмдун республикабыздагы өкүлчүлүгү тарабынан бекер 175 даана алма, өрүктүн көчөттөрү берилди. Мунун 50 түбү өрүк, 125 түбү алманын көчөттөрү.

      Алынып келинген көчөттөр мектептин түштүк  тарабындагы (чоң көчө жактагы) мурда бак-дарак өстүрүлүп, тегереги тосулган жердин ичине отургузулду. Көчөттөр келгенге чейин аталган жердеги куурап өсүүсү токтоп калган, карыган жана кулап калуу коркунучун келтирген бак-дарактар кыркылып, тазаланган болучу.

      -Келген көчөттөр биздин жердин шартында өстүрүүгө ылайыкташкандар экен. Жакшылап карап бакса 2 жылдан кийин түшүмүн бере баштайт дешти көчөттү берген тараптар. Ошондой эле болсо экен деп тилек кылып турабыз,-дейт мектеп директорунун чарбалык иштер боюнча орун басары Бакай Омокоев.

      Мектеп дирекциясы тарабынан көчөттөрдүн өсүүсүнө көзөмөлдүк жүргүзүү мектептин табигый илимдер секциясынын мугалимдерине (жетекчиси Г.Байматова) жана аларды убагында сугаруу, отоп туруу жана мал киргизбей кайтарып асыроо жагы мектептин кароолчуларына, техкызматкерлерине милдеттендирилди.

Ж.Курманов  

Ваша оценка:

Оставить комментарий