Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Ат-Башы: Ардагерлерге сый көрсөтүлдү

Ат-Башы: Ардагерлерге сый көрсөтүлдү

15:48, 03 май 2021 Общество 135 0 2 0
IMG

      Быйыл Улуу Жеңишке 76 жыл болду. Бүгүнкү күндө Улуу Жеңишти камсыз кылгандардын ичинен райондо 3 гана ардагер бар. Алардын эң улуусу, Ат-Башы айылынын тургуну Мадиев Турдаалы туура 100 жашка толсо, айылдашы Жапаров Сатынды 96, ал эми Кара-Суу айылынын тургуну Керимкулов Тапа 97 жаштын чайын ичип олтурат.

      Бүгүн райондук сотунун төрайымы Абжалбек кызы Зарина, судьясы Кеналиева Жыпаркүл баш болгон кызматкерлери аталган ардагерлердин үйлөрүнө барышып, келе жаткан Жеңиш күндөрү менен куттукташты. Мекенди коргоодогу эмгектери баа жеткис экендигин айтышып, аларга бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалашты. Ар бир ардагерге арнап алып барган күндөлүк керектөөчү азык-түлүктөрдү тапшырышты. Ар бир ардагерге берилген азык-түлүктүн баасы 2000 сомдон болду.

Ж.Курманов.   

Ваша оценка:

Оставить комментарий