Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество АК-ТАЛАА: АЙЫЛ ӨКМӨТ КЫЗМАТЫНАН САЛТАНАТТУУ УЗАТЫЛДЫ

АК-ТАЛАА: АЙЫЛ ӨКМӨТ КЫЗМАТЫНАН САЛТАНАТТУУ УЗАТЫЛДЫ

09:56, 09 июн 2021 Общество 152 0 1 0
IMG

(09.06.2021)    Баетов айыл өкмөтүндө 9 жылдан ашык убакыт айыл өкмөт башчы болуп иштеген Талантбек Турусбеков ээлеген кызматынан салтанаттуу түрдө узатылды.
    

Ага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, айылдык кеңештин айрым депутаттары, жаштар, аксакалдар, айрым мекеме-ишкана жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышты. Катышкандар кызматтан кетип жаткан айыл өкмөт башчысын мындан аркы иштерине ийгилик каалоо менен бирге эле айылда жасаган бир катар эмгектерин баса белгилешти. Ал эми айыл өкмөттүн эмгек жамааты Т.Турусбековго сарпая чапан, суусар тебетей кийгизишип, камчы жана баалуу белектерди тартуу кылышты.
    

Ошондой эле, салтанаттын жүрүшү сыйлык тапшыруу аземи менен дагы коштолуп, Баетов айылынын "Ардактуу атуулу" наамы менен Бурулсун Шыгаева, Султангазы Шекенов, Базарбүбү Турдукулова, Мирлан Шералиев, Бактыбек Акматов, ардак грамота Гүлбарчын Мамытбекова, Адилет Сагыналы уулу, Кенжегүл Карагулова, Уланбек Казиев, Назгүл Дарбанаева, Жаңыл Шералиева, Перизат Алымбекова, ыраазычылык кат менен Мадина Бекматова, Асылкүл Ташматова сыйланды.
    

К.И.Скрябин атындагы кыргыз агрардык университетинде билим алган  Талант Турусбеков эмгек жолун 1991-1995-жылдары Орто-Сырт колхозунда малчы болуудан баштап 1995-2005-жылдары "Ормуш" дыйкан чарбасынын жетекчиси, 2005-2007-жылдары "Орто-Сырт" жергиликтүү өнүгүү фондусунун төрагасы, 2006-2007-жылдары АРИС долбоорунун Баетов айылдык инвестициялык комитетинин коомдук башталыштагы төрагасы жана Баетов айыл өкмөт башчысынын орун басары, 2007-2007-жылдары айыл өкмөттө экономист-статист, 2008-2012-жылдары Ак-Талаа райондук кеңештин депутаттарынын жетектөөчү адис, 2012-2016-жылдары Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы, 2016-жылдан бери Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келген. Бир топ мамлекеттик жогорку сыйлыктардын  ээси.  (А.Сагыналиев).

Ваша оценка:

Оставить комментарий