Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество АТ-БАШЫ: ЫКЧАМ ШТАБДЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

АТ-БАШЫ: ЫКЧАМ ШТАБДЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

14:47, 10 июн 2021 Общество 95 0 0 0
IMG

(10.06.2021)   Районго жаңы жетекчи келгенден бери ыкчам штаб түзүлүп, эл чарбасынын түрдүү тармактарындагы иштердин жүрүшүн, андагы кетирилип жаткан кемчиликтерди оңдоонун кечиктирилгис чараларын аныктоо боюнча иштиктүү  аракеттер көрүлө баштады.

    

Курамына айыл өкмөт башчылары, тиешелүү мекеме жетекчилери тартылган райондук ыкчам штабдын алгачкы отуруму болуп, аны аким Э.Абдыкадыров жетектеди. Отурумда COVID-19 эпидемиялык кырдаалды жөнгө  салуу жана айыл чарба жумуштарынын жүрүшү тууралуу маселелер талкууланды. Райондук санэпид борборунун башчысы Н.Кайыпова, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбордун директору И.Бейшеналиев, райондук агрардык өнүктүрүү  башкармалыгынын башчысы Ө.Жумаков, райондук суу чарба башкармасынын башчысы Ж.Мусаевдер билдирүү жасашты.

    

Эл көп топтолгон коомдук жайларда, санитардык талаптардын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алууну күчөтүү, санитардык эрежелерди, талаптарды сактабагандарды менчиктин түрүнө карабастан мыйзам талаптарына ылайык административдик чара көрүү белгиленди.

     

Эпидемиологиялык иликтөө иштерин толук кандуу жүргүзүү, отчётко киргизүү, оорунун очогунда эпидемияга каршы ыкчам иш чараларды аткаруу айтылды. Оору көбөйгөн учурга койкалардын жетиштүү кору менен камсыздоо госпиталга ылайыкташтырылган бөлмөлөрдү кир жана таза зоналарга бөлүп, эпидемияга каршы режимди сактоо тапшырылды.  Ошондой эле коомдук жайларга келген жарандарга санитардык гигиеналык эрежелерди сактоону түшүндүрүү, беткап тагынууну талап кылуу беткапсыз кирүүгө тыюу салууну үзгүлтүксүз жүргүзүү керектиги  айтылды.

     

Мындан сырткары айыл чарба тармагындагы аткарылып жаткан иштер жана андагы кемчиликтер баса көрсөтүлдү. Райондук суу чарба башкармалыгына кагаз жазуу менен иштин бүтпөй тургандыгын эскертти. Райондо суу чарба тармагында олуттуу кемчиликтердин бар экендиги айтылды. Мекеменин суу чарба тармагын жакшыртууга, өнүктүрүүгө 3 жылдык планды түзүүгө бир жумалык убакыт берилди.

     

Ыкчам штабдын отуруму ар жума сайын өткөрүлө турган болду. (Т.Султанов).

Ваша оценка:

Оставить комментарий