Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Политика АТ-БАШЫ: АКИМДИН ЖАҢЫ ОРУН БАСАРЫ ДАЙЫНДАЛДЫ

АТ-БАШЫ: АКИМДИН ЖАҢЫ ОРУН БАСАРЫ ДАЙЫНДАЛДЫ

15:29, 10 июн 2021 Политика 222 0 3 0
IMG

(10.06.2021)    Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы У.А.Мариповдун 2021-жылдын 8-июнундагы №123-буйругу менен Жантелиева Жылдыз Талантовна Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин орун басары болуп дайындалды.

 

Ж.Жантелиева бүгүн, 10-июнда жамаатка тааныштырылып, кызматына киришти.

     

Ж.Т.Жантелиева 1982-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Нарын районуна караштуу Лахол орто мектебин аяктап 2004-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин Экономикалык факультетин бүтүрүп, экономист кесибин, 2015-жылы ушул эле окуу жайдан юрист адистигине ээ болгон. 2005-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы мобилизациялык резерв кызматында жана Нарын облустук мамадминистрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүндө жетектөөчү, башкы адис кызматтарында иштеген. 2008-жылдан бери укуктук камсыздоо жана кадрлар сектор башчысы болуп иштеп келген.  (Т.Султанов).  

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий