Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Наука и учеба АК-ТАЛАА: ҮЧ ОКУУЧУ "АЛТЫН ТАМГА" АТТЕСТАТЫН АЛУУГА ҮЛГҮРДҮ

АК-ТАЛАА: ҮЧ ОКУУЧУ "АЛТЫН ТАМГА" АТТЕСТАТЫН АЛУУГА ҮЛГҮРДҮ

16:05, 10 июн 2021 Наука и учеба 183 0 4 1
IMG

(10.06.2021)   Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында, областта өткөрүлгөн "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына  талапкерлердин тандоосу өтүп, анда жалпы Ак-Талаа районунан 12 окуучу талапкер болуп, мунун ичинен 3 окуучу "Алтын тамга" артыкчылык аттестатын алышты.    

 

Алар, Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин окуучусу Гүлдөсүн Идирисова, Чолок-Кайың айылынын Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинин окуучусу Кубанычбек уулу Кадыр жана Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Назими Илиязова ээ болду.

Ак-Талаа районунда жыл өткөн сайын билим берүү тармагында өсүштөр жакшы болуп жатканын билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев баса белгиледи.
    

"Былтыркы жылы "Алтын тамга" артыкчылык аттестаты 2 окуучу алган. Быйыл 3 окуучу алды. "Алтын тамга" боюнча Ак-Талаа району менен Кочкор району алдыга чыктык. Өткөн жылдарга салыштырмалуу көрсөткүч жакшы", - деди К.Эсеналиев. (А.Сагыналиев).

Ваша оценка:

Оставить комментарий