Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество ЖУМГАЛ: ТӨРӨТКАНАДАН ЫМЫРКАЙДЫН АКЫРЕГИ СЫНДЫ

ЖУМГАЛ: ТӨРӨТКАНАДАН ЫМЫРКАЙДЫН АКЫРЕГИ СЫНДЫ

14:45, 14 янв 2022 Общество 417 0 0 6
IMG

(14.01.2022)  Жумгал районунун Чаек айылындагы райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын акыреги сынган. Бул тууралуу ымыркайдын атасы Токторбек Бейшенбек уулу билдирди.

 

Анын маалыматында, учурда бул иш боюнча райондун прокуратурасына арыз жазылган. 2021-жылдын 23-декабрь күнү райондук төрөт бөлүмүнүн жетекчиси, башкы дарыгер Нуржамал Акылбековага Т.Бейшенбек уулунун кош бойлуу жубайы Кенже Калыбекова келген. Ал үйдөн толгоосу башталып төрөт бөлүмүнө келгенде, башкы дарыгер кош бойлуу келинди карап аны түнгө бара тургандыгын саат 00:00-01:00 ге караган убакта төрөй турганын айтып, эгер унаа болсо же ага чейин толгоо бат-баттан келсе, мен келип төрөтсөм болот деп кеткен. Бирок убакыт, сааты келе электе эле күзөткө жаңы келген акушер Качкын Бегалиева саат 20:30да төрөтүп салган. Натыйжада ымыркайдын акыреги сынып, башында шишик пайда болгон.

 

“Баланын салмагы чоң экенин көрүп кыйнап төрөтүп салышты. Баламдын акыреги сынып, башына шишик пайда болгон. Аны убагында айтышпайт. Балам бир жери ооругансып ыйлап, басылбай жатканынан хирург Дүйшөн Болотбековго көрсөтсөк сынык бар экенин айтып, рентгенге тарттырганда билинди. Баланын салмагы чоң экенин көрүп, билип, эмнеге кыйнап төрөтүшөт билбейм? Ошентип 29-декабрда гана чыгарып келдим үйгө. Башкы дарыгер көрүп, түнкү саат 00:00 ден өтүп бирге барат дегенди уккан акушер эмнеге эрте төрөткөнгө шашты? Баланы шаарга ооруканага алып кетейин десем, Жумгал ЖААК бөлүмү дагы баланын метрикасын 2021-жылы төрөлсө 2011-жыл деп ката жазышып туулгандыгы тууралуу да күбөлүк оңдолбой кармалып жатты. Анын үстүндө 1-10- январга чейин иш күн болбой, баланы шаарга алып бара албай кармап калдык. Учурда Бишкек шаарында ооруканаларга көрсөтүп жүрөбүз”, - дейт баланын атасы.

 

Ал эми төрөт бөлүмүнүн башкы дарыгери Нуржамал Акылбекова, эне баланын абалы жакшы эле болгондугун, төрөт учурунда гана туура эмес ыйынып алгандан баланын акыреги сынып, башында шишик пайда болгондугун билдирди.

 

“Эне баланын абалы жакшы болчу. Аны Качкын Бегалиева акушеркабыз кабыл алган. Бала башы менен келген, эч кандай кан басымы көтөрүлүп, ар кандай потологиясы жок, суусу кеткен эмес. Негизи төрөт үчкө бөлүнөт 1-2-3 этап деп. Бала сыртка чыгып аткан учуру бул экинчи этабы болуп эсептелинет. Мурун төрөп жүргөн аялдардыкы 15 мүнөт болушу керек, а бул келиндики 5 мүнөткө жетпей эле өтө катуу ыйынып ийгенден бала тепчилип, төрөө учурунда жаракат алып башынан «гематома» болгон. Бала төрөт жолдорунан келе жатканда өзү бурулуп акырындан-акырындан чыгыш керек да. А бул баланын энеси катуу ыйынгандан ушундай болгон. Ал эми бул акушер Качкын Бегалиеванын иштегенине көп жыл болгон, баланын акыреги сынып кеткени анын тажрыйбасында биринчи жолу болуп жатат”, - деди Акылбекова.

 

Жумгал райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун маалыматында төрөт бөлүмүндө 3 дарыгер (2 акушер гинеколог 1 неонатолог), 4 акушерка, 1 башкы акушерка жана 5 мед айым иштешет. Көбү пенсия курактагылар.

 

Ал эми төрөттү кабыл алган акушер Качкын Бегалиева менен байланышканыбызда, ал төрөт учуру эсинде жок, унутуп калгандыгын айтты.

“Мен ал учурдагы төрөт азыр эсимде деле жок. Мен суусун жарып, колумду салсам эле төрөп калмак беле. Болжолдуу саат 20:30 да төрөдү окшойт. Негизи катуу ыйынганда ошондой болуп кетти. Жашым 61 де”, - дейт ал.

 

Ал эми Жумгал районундагы социалдык тармактарынын сурамжылоосунда көпчүлүк социалдык тармактын колдонуучулары аталган төрөтканадагы мед айымдардын, акушер дарыгерлердин кош бойлууларга болгон мамилеси начардыгын, ошондой эле операция жолу менен төрөгөн энелерден акча суралаарын жана төрөт учурунда ашыкча керектүү нерселерди алдыртып, төрөгөн келиндерге орой мамилелер көп болоорун жашырбай жазышкан. Бул пикирлерге төрөт бөлүмүнүн башкы дарыгери Нуржамал Акылбекова акча суралбастыгын, операция жолу менен төрөгөн энелерден акча алынат деген кептерди  четке кагып, сүйүнчү акча берип кеткендер болоорун  кошумчалады. (М.Асаналиев).

Ваша оценка:

Оставить комментарий