Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество АТ-БАШЫ: ЭЛ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ ФОНДУН КАТТООГО ДАЯРДЫК

АТ-БАШЫ: ЭЛ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ ФОНДУН КАТТООГО ДАЯРДЫК

15:26, 14 янв 2022 Общество 269 0 1 0
IMG

(14.01.2022)   Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин  2021-жылдын   22-октябрындагы «Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак- жай фондун каттоого даярдык көрүү жана  жүргүзүү жөнүндө» №228 токтомуна ылайык райондо бул маанилүү мамлекеттик деңгээлдеги иш чараны ишке ашыруу боюнча алгылыктуу аракеттер көрүлдү.

 

Бүгүнкү күндө райондо жайгашкан айылдардын административдик-аймактык чек аралары такталып, алардагы көчөлөрдүн, турак жай массивдеринин аталыштарын, жаңы курулуп жаткан үйлөрдү аныктоо жана аларды номерлер менен камсыздоо иштери такталып бүткөрүлдү.

 

Каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчиси 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин айыл аймактарда жүргүзүлсө, ал эми экинчи этабы райондон алыс жайгашкан Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө 23-апрелден 3-майга чейин өткөрүлөт. Каттоого жалпысынан район боюнча 4 координатор, 21 инструктор-контролерлор, 212 каттоочу тартылат. Алар жергиликтүү жарандардан тандалып алынат.

 

“Бүгүнкү күндө райондун аймагында маалыматтык компания өткөрүлүп, дайындалган кызматкерлер менен иш алып барып жатабыз. Каттоо мурун кагаз жүзүндө өткөрүлүп келген болсо, азыркы каттоо электрондук форматта жүргүзүлөт. Тартылган адистер мобилдик тиркемелер аркылуу каттоо жүргүзүшөт. Катталган маалымат борбордук базага түздөн-түз түшүп турат. Негизинен 5 форма толтурулат. Анда үй-бүлөдөгү адамдардын саны, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири боюнча маалыматтар, жашаган жери, району, үйүнүн абалы, кандай материал менен качан курулганы, жашоо шарты, чет өлкөдө жашап иштеген мигранттар боюнча жана КРнын аймагына убактылуу жашоого келген жарандар тууралуу маалыматтар толтурулат”,-деди райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси Баатырбек Керимбеков.  (Ж.Курманов).

Ваша оценка:

Оставить комментарий