Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество МУНИЦИПАЛДЫК КАДРЛАР РЕЗЕРВИНИН ТЕСТИРЛӨӨСҮ БАШТАЛДЫ

МУНИЦИПАЛДЫК КАДРЛАР РЕЗЕРВИНИН ТЕСТИРЛӨӨСҮ БАШТАЛДЫ

16:55, 14 янв 2022 Общество 224 0 4 0
IMG

(14.01.2022)  Бүгүн, 14-январда КР Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактык өкүлчүлүгүндө  муниципалдык кадрлар резервинин тестирлөөсү башталды. Нарында бул  күнү  райондук маанидеги шаардын мэринин орун басарынын бош  кызмат ордуна   56 жаран тестен өтүшөт.

 

Муниципалдык кадрлар резервине кирүү  үчүн жалпы 404 арыз келип түшкөн.  Анын ичинен 18 жарандын документтери туура келбей калган.

 

“Муниципалдык кадрлар резервине кирүү үчүн айыл өкмөт башчысы, райондук маанидеги шаардын мэри жана анын орун басарынын бош кызмат ордуна  404 жаран арыз беришкен. Бирок тестирлөөнүн документтерди  кароо этабынан  18 жаран өтпөй калды. Өткөндөр тестирлөөгө  киргизилип жатат.  Калган 386 жарандын арасында дагы 28 жарандын соттуулугу чыгып калды. Биз аларга үч күндүк  мөөнөт бердик. Бул убакытта соттулугу жок, же соттуулугу алынган деген маалымат алып келсе  тестирлөөгө киргизебиз. Айрымдары ошондой кагазды алып келе башташты. Тестирлөөнүн жүрүшүндө жалпы 110 суроо берилет.  Бүгүн райондук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызат ордуна  56 кишини тестирлөөдөн өткөрөбүз. Буга чейин кирген 28 жарандын 8и тиешелүү упайды  ала алышты”,-деди аталган агенттиктин Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн Нарындагы башкы адиси Жылдыз Мамбетова.

 

Тестирлөө  8 күн бою жүрөт. Анын жалпы жыйынтыгы 8 күндөн кийин анык болот. Бирок күн сайын өткөн тестирлөөнүн жыйынтыгы Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына жарыяланып турат. Тестирлөөнүн жүрүшү онлайн түрүндө  Мамлекеттик кадр кызматынын фейсбук баракчасынан түз эфирде кетип жатат.

 

Ал эми акыркы  аңгемелешүү  этабы  24-25- январда өтөөрү белгиленүүдө. (Ч.Токтогулова).

Ваша оценка:

Оставить комментарий